Кыйнап арак ичирген 6 жаштагы бала чарчап калды. Дарыгердин түшүндүрмөсү

© AFP / SHAH MARAIРебенок в больничной койке
Ребенок в больничной койке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын өлүмүнүн себеби сот-медициналык экспертизадан кийин толук белгилүү болот.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Арактан ууланып ооруканага түшкөн алты жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын директору Болот Майканаев билдирди.

Анын айтымында, бала катуу уулангандыктан организминен зыяндуу заттарды чыгаруу кыйын болгон.

"Тестиер 12-июль күнү саат 15.45те Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага алынып келген. Биз аны сактап калууга болгон аракетибизди жумшадык. Бүгүн, 20-июлда, саат 16.05тер чамасында жандандыруу бөлүмүндө чарчап калды. Анын өлүмүнүн себеби сот-медициналык экспертизадан кийин толук белгилүү болот", — деди Майканаев.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто өз ымыркайын 30 миң сомго сатканы жаткан киши кармалды
Ал ошондой эле баланын ата-энеси анын абалын сурап бир да жолу келбегенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, тестиер бала аракка ууланып ооруканага алынып келингенин билдиришкен. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, жабыркаган бөбөк 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

Бала 12-июль күнү ооруканага арактан ууланып түшкөн. Укук коргоо кызматкерлерине тестиердин апасы 60 жаштагы жаран менен бирге жашап, 11-июлда түндө өзүнүн курбусу менен үйдө арак ичкенин айткан. Андан соң ал жерге курбусунун жолдошу келип кожойкени сабап жиберген. Келин ал жактан качып кетип, үйгө түн ортосунда келген. Анын айтымында, ошол маалда уулунун уктап жатканын көрүп өзү да жатып алган. Эртең менен турганда баланын абалы начар экенин көрүп дарыгерлерге кайрылган.

Окуянын башка катышуучулары да көрсөтмө беришкен. Алар кийин үй ээсинин А.П. аттуу 31 жаштагы уулу келип, алар менен чогуу арак ичкенин айтышкан. Арак жок калганда түндө дүкөнгө барып, андан ары башка үйдө ичишкен. Алты жаштагы бала аларды ээрчип келип, курсагы ачканын айткан. А.П. аттуу жаран анын колуна помидор карматып, күч менен эки стакан арак ичирип, тестиерди башка чапкан. Бала кайра үйгө кетип калган.
Милициядагылар азырынча кимдер камакка алынгандыгын кабарлай элек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0