Арактан ууланып чарчаган баланын өлүмү боюнча эч ким кармала элек

Жазылуу
Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактап жатат.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Арактан ууланып ооруканада чарчап калган алты жаштагы баланын өлүмү боюнча эч ким кармала элек. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Эске сала кетсек, 12-июлда дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, бөбөк аракка ууланып, ооруканага алынып келингенин билдиришкен. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, жабыркаган бөбөк 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто өз ымыркайын 30 миң сомго сатканы жаткан киши кармалды
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тестиердин апасы 60 жаштагы жаран менен бирге жашап, 11-июлда түндө өзүнүн курбусу менен үйдө арак ичкенин айткан. Андан соң ал жерге курбусунун жолдошу келип, кожойкени сабап жиберген. Келин ал жактан качып кетип, үйүнө түн ортосунда келген. Анын айтымында, ошол маалда уулунун уктап жатканын көрүп өзү да жатып алган. Эртең менен турганда баланын абалы начар экенин көрүп дарыгерлерге кайрылган.

Окуянын башка катышуучулары да көрсөтмө беришкен. Алар үй ээсинин А.П. аттуу 31 жаштагы уулу келип, алар менен чогуу арак ичкенин айтышкан. Арак жок калганда түндө дүкөнгө барып алышып, андан ары башка үйдө ичишкен. Алты жаштагы бала аларды ээрчип келип, курсагы ачканын айткан. А.П. аттуу жаран анын колуна помидор карматып, күч менен эки стакан арак ичирип, тестиерди башка чапкан. Бала кайра үйгө кетип калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси ("Өзүн-өзүн өлтүрүүгө түртүү") боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгы кабарланган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0