Студент кызды түндө зордуктап, андан соң өлтүрүп таштап кетишкен... Соттук чечим

© Sputnik / Табылды КадырбековКызды муунтуп жаткан адам. Архив
Кызды муунтуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш кызды ата-энеси бир жумадан кийин өлүкканадан таап, тишинен тааныган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда студент кызды  зордуктап өлтүргөндөр 20 жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында айтылат.

Каргаша 2017-жылдын күз айларында болгон. Анда эки жаран жаңы таанышкан жаш кызды аракка тойгузган. Андан соң курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө алып келип экөөлөп зордуктап, катуу сабап таштап кеткен.

Сот отурумунда айыпталуучулар кылганын жарым-жартылай мойнуна алган.

"Биз көчөдө арак ичип отуруп кыздын каршылыгы жок эле жыныстык катнашка барганбыз. Ошол маалда ал колумдан тиштеп жибергенде ачуум келип бир нече жолу уруп жибергем. Ал жатып калганда отвертка менен бетке жана моюнга сайгам", — деп көрсөтмө берген соттолуучулардын бири.

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, маркумдун жыныстык органы жана көтөн чучугу катуу жабыркаган. Бети-башы, буту-колу көгала болуп, денесине учтуу нерсе сайылган. Жаш кызды ата-энеси бир жумадан кийин өлүкканадан таап, тишин карап гана тааныган. Себеби ал өтө көп жаракат алган.

Фемида өкүлдөрү мыкаачыларды мал-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кести.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0