На месте наезда на людей на чемпионате по дрифту в Бишкеке

Борбордогу дрифт турниринде элди сүзгөн унаа. Кырсыктын жаңы видеосу

1440
(жаңыланган 12:53 22.07.2019)
Кырсыктан беш киши жабыркап, экөө ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкектеги дрифт турниринде болгон окуянын жаңы видеосун жүктөдү.

Автор тарткан видеодо унаа анын жанында кырсыктаганын көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-июнда, Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, элди көздөй күү менен кирип кеткен. 

Милиция кырсыкты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, рулда 32 жаштагы киши отурган.

Катышуучулар менен коноктордун коопсуздугун эске алуу менен мелдешти өткөрүү үчүн уруксатты Свердлов райондук администрациясы берген. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салуу пландалып жатканын билдиришти.

1440
Белгилер:
видео, унаа, кырсык, турнир, дрифт, Бишкек
Тема боюнча
Дрифт кылган автоунаа элдин арасына кирип кеткен алгачкы мүнөттөр видеого түшүп калды