Грузиялык эки киши Бишкекте үйгө ууруга кирген деп шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи квартирных краж в Бишкеке
Случаи квартирных краж в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын үйүнөн 113 миң 400 сом жана 3 миң 870 доллар уурдалган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Эки чет элдик жаранды тартип коргоо органдары Бишкек калаасындагы батирлердин биринде уурулук кылган деген шек менен кармады. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкек калаасындагы батирлердин биринде уурулук кылган деген шек менен кармалгандар
Грузиялык эки киши Бишкекте үйгө ууруга кирген деп шектелүүдө - Sputnik Кыргызстан
Бишкек калаасындагы батирлердин биринде уурулук кылган деген шек менен кармалгандар

"Биринчи Май райондук милициясынын бөлүмүнө 7-июнда үйүн карактап кеткендерге чара көрүү өтүнүчү менен аял арыз жазып кайрылган. Ал белгисиз адамдар батиринин кулпусун сындырып, 113 миң 400 сомун жана 3 миң 870 долларын алып, из жашыргандыгын айткан. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде катталган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги Криминалдык милициянын кызматкерлери уурулук кылган деген шек менен эки адамды кармады. Алар Грузиянын 53 жаштагы эки жараны болуп чыккан. Учурда алар убактылуу кармоо жайында.

Тартип коргоо органдары шектүүлөрдүн Бишкектеги буга окшогон башка дагы кандай уурулукка тиешеси бардыгын аныктоо үчүн тергөө иштерин баштаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0