Чек арадагы чыр: абал оор, бирок көзөмөлдө

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭксплуатация модернизированного контрольно-пропускного пункта "Кен-Булун-автодорожный"
Эксплуатация модернизированного контрольно-пропускного пункта Кен-Булун-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун бийлиги элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор, бирок көзөмөлдө экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Дүйшөмбү күнү кечинде Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. 

Разграничительная линия зоны действия миротворческих сил между Южной Осетией и Грузией - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жарадарлар бар
Ворух айылынын тургундары кыштактын кире беришине флагшток коюуну каалашкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымал, анткени мергенчинин мылтыгы атылган.
Өкмөттөгү ишенимдүү кишинин айтымында, эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү аймактын жашоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Акрам Мадумаров келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0