Кыргызстандык аял адамдын органдарын сатты деген шек менен Казакстанда кармалды

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын жазганына караганда, бул боюнча чет элдик компания иш алып барган жана донорлор кыргызстандык, тажикстандык жарандар болгон.

БИШКЕК, 23-июл — Sputnik. Кыргызстандык аял адамдын органын сатты деген чатак менен Казакстанда кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Аял донорлордун котормочусу болгон деп айтылууда. Аны Казакстандагы белгилүү трансплантолог Гани Куттымуратов менен кошо кармашкан. Алар көмүскө, тагыраагы, мыйзамсыз трансплантологияга шектелүүдө.

Astana TV телеканалына берген маегинде, Куттымуратовдун жактоочусу тартип сакчылардын трансплантолог операция учурунда сый акы алгандыгына шекшинип жатышкандыгын айткан.

"Операция учурунда тирүү кишиден орган жана ткандарды алып, контейнерге сала коюп эле бир жакка жөнөтүү максаты болгон деп ойлобойм. Операция юридикалык жана башка талаптарды сактоо менен жүргүзүлгөн", — деп айткан адвокат.

Телеканалдын маалыматына караганда, чет элдик компания иштеген схемада дарыгерлер — казакстандык, реципиенттер — израилдик, ал эми донорлор — кыргызстандыктар менен тажикстандыктар болгон.

Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
Келишим 2017-жылы Гани Куттымуратов Казакстандын Онкология жана трансплантология боюнча улуттук борборун жетектеп турганда түзүлгөн. Кесиптештеринин айтымына караганда, ал дарыгер жеке өзү органдарды көчүрүү боюнча 20 операция өткөргөн.

Казакстандын жарандарына чет элдиктерге боору менен бөйрөгүн бергенге тыюу салынган, ал эми башка дене мүчөлөрүнө чек коюлган эмес.

Казакстандын ИИМинин өкүлү Нурдилде Ораздын айтымында, Куттымуратовдун мыйзамсыз трансплантологияга тиешеси бар экени аныкталды.

Куттымуратов боюнча Казакстандын Жазык кодексинин 264 ("Улут аралык уюшуп алган топко же улут аралык кылмыштуу уюмга катышуу") жана 116-беренелеринин ("Алганга мажбурлоо же адамдын органы менен ткандарын мыйзамсыз алуу" ) негизинде козголгон иш иликтенип жатат. 

Трансплантологдун кесиптештери, коомдук ишмерлер жана бейтаптар ИИМ жетекчиси менен Баш прокурорго кат жазган. Анда шектүүнү эки жакка чыгып кетпейм деген тил кат же күрөө коюу менен бошотуп туруу өтүнүчү жазылган. Алар дарыгер күнөөлүү эмес жана коомго кооптуулук жаратпайт деп эсептешет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0