Сахалинде кыргызстандык таксист киши колдуу болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал киши 20-июлда түндө Түштүк-Сахалин аймагынан автоунаа менен чыгып, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Сахалин облусунда кыргызстандык жаран киши колдуу болуп, анын өлүмүнө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин сайтында маалымдалды.

Буга чейин Тергөө комитети 27 жаштагы кыргызстандыкты издөөгө алып, жоголушу боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Тергөө учурунда киши 20-июлдун түнүндө Toyota Mark үлгүсүндөгү автоунаасы менен Түштүк-Сахалинден  Корсаков шаарын көздөй чыккан. Анын таксист болуп иштегендиги аныкталды. Туугандары жана достору да кайда экенин так билишкен эмес",  — деп айтылат билдирүүдө.

Маркум алыс жолго чыгып жатканын эч кимге деле айткан эмес. Анын сөөгү Чапаево айылынан анча алыс эмес жерден табылган. Полиция Түштүк-Сахалин шаарынын үч тургунун шектүү катары кармаган.

Маалыматта алардын экөө буга чейин соттолуп чыккандыгы жана азырынча алардын баш коргоо чарасы карала электиги айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0