Кыргыз экен. Диаспоранын экс-башчысы Каримовду өлтүрдү делгендердин бири кармалды

© AP Photo / Peter DejongЗадержания голландской полицией протестующих в Амстердаме
Задержания голландской полицией протестующих в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
54 жаштагы кыргызстандык ишкер 2-июль күнү өз үйүнүн жанынан атылган. Ошол учурда анын жанында 19 миллион рубль болгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын мурунку жетекчиси Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүү катары бир адам Челябинск облусунан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен "Комсомольская правда" басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, жолтандабастын айдоочусу, Кыргызстанда туулуп-өскөн Зарылбек аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берди. Учурда убактылуу кармоо жайында. Шектелүүчү мурда киши тоногондугу үчүн жаза өтөп, эркиндикке өткөн жылдын октябрь айында чыкканы айтылды.

Кийинчерээк бул маалыматты диаспорадагы өздүк булактардан дагы тастыкташты.

"Алар Каримовду өлтүрөбүз деп пландаган эмес. Алгач "Таганский ряд" базарында иштеген башка ишкерге кол салууну көздөшүптүр. Көбүнчө кымбат унаа айдаган адамдарды карап жүрүшчү. Кийин Каримов бирөөдөн ири суммадагы акча (19 миллион рубль) алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кол салуу тууралуу беш гана адам билчү экен. Алар Каримовду коркутуп эле акчаны алып алабыз деп ойлошкон. Бирок ал каршылык көрсөткөн. Volkswagen автоунаасынын айдоочусу кылган иши үчүн 100 миң рубль алганын моюндады", — деп айткан ишенимдүү булак.

Сумкасын кучактап жыгылган. Камчыбек Каримовдун өлүм алдында кармашкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сумкасын кучактап жыгылган. Камчыбек Каримовдун өлүм алдында кармашкан видеосу
Шектүү 20-июль күнү колго түшүрүлгөн. Бирок тергөөнүн кызыкчылыктарынан улам бул нерсе айтылган эмес.

Эске салсак, 54 жаштагы кыргызстандык ишкер 2-июль күнү өз үйүнүн жанынан атылган. Ошол учурда анын жанында 19 миллион рубль болгон. Анын өлүмүн облустук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0