Жолдо бараткан унаа. Архивдик сүрөт

Алайда Daewoo Calos унаасы 26 метр бийиктеги жардан кулап кетти

167
(жаңыланган 10:22 29.07.2019)
Медициналык экспертизадан айдоочунун жүрөгү кармап калганы анык болгон.

ОШ, 26-июл. — Sputnik. Ош — Эркечтам унаа жолунда бараткан Daewoo Calos жардан кулап, айдоочусу каза болгонун облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Билдирүүдө кырсык 23-июль күнү саат 7.50лөр чамасында Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылуу-Суу айылында болгону айтылат.

"Медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен 46 жаштагы айдоочу жүрөгү токтоп, рулга ээ боло албай калганы аныкталды. Жолдун четине чыгып кеткен унаа жардан, 26 метр бийиктиктен кулаган. Унаа ээси машина кулаганга чейин эле көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары маркумдун сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

167
Белгилер:
жүрөк, айдоочу, унаа, жар, кырсык, Алай району, Ош
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Көлдө эки унаа кагышып, бир жаш бала каза тапты
Куралчан адам. Архив

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргызстандык аскер жаракат алды

158
(жаңыланган 10:41 06.08.2020)
Учурда чек ара кызматтарынын Баткен (Кыргызстан) жана Исфара (Тажикстан) облустары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

“Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок аткан. Жыйынтыгында ок аскердин колун тешип өткөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Азыр чек ара кызматтарынын Баткен (Кыргызстан) жана Исфара (Тажикстан) облустары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Абал туруктуу.

158
Белгилер:
жаракат, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү
Сел. Архив

Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

266
(жаңыланган 10:30 06.08.2020)
Куткаруучулар жергиликтүү эл менен кошо кечээтен тарта селдин кесепеттерин четтетүү аракеттерин көрүп жатышат. Алар короо жайларды жана жолдорду тазалашууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылында дагы катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Видеодо сел үйлөрдүн короо-жайларына кирип, жолдорду жарактан чыгарууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сел кечээ, 5-августта, саат 19:00дө тоолордо жааган катуу жаандан улам жүргөн. Анын кесепетинен 10 турак үйдүн короосуна суу толгон. Сарайлардын дубалдары ураган. 1,2 чакырым жол бузулуп, бир электр мамычасы кулаган.

Жапа чеккендер болгон эмес.

Селдин кесепетин жоюу үчүн жерине атайын техникалар жана ӨКМдин ыкчам тобу тартылган. 50 жергиликтүү тургун аларга жардам берип жатышат.

Кечээтен бери алар үч үйдүн короосун тазалашты, иш бүгүн да уланып жатат.

266
Белгилер:
ӨКМ, сел, жаан-чачын, Арсланбап
Тема боюнча
Жети-Өгүз: сел жүрүп жаап калган Көк-Жайык жайлоосунун жолу ачылды. Видео
Медицинский работник в стационаре для больных с коронавирусной инфекцией в госпитале ФГБУ Национальный медицинский исследовательский центр сердечно-сосудистой хирургии имени А. Н. Бакулева Минздрава России в Москве.

Министрлик: коронавирусту дарылоонун 4-протоколу даярдалып жатат

0
(жаңыланган 13:15 06.08.2020)
Протокол түзүп жаткан эксперттер коронавирус боюнча жаңы маалыматтарды топтоп, ага анализ кылып, бейтапка ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча протоколдун 4-версиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчи-инфекционисти Айнура Кутманова брифингде билдирди.

Анын айтымында, протокол түзүп жаткан эксперттер коронавирус боюнча жаңы маалыматтарды топтоп, ага анализ кылып, бейтапка ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатат.

Кутманова протоколдун 4-версиясы Россиядан келген дарыгерлерге да көрсөтүлүп, алар тажрыйбасына таянып сунуштарын айтышкан.

"Жаңыртылган документке текшерүүдөн өтүп бүтө элек вируска каршы дары-дармектерди киргизген жокпуз. Анткени алардын натыйжалуулугу далилденген эмес", — деди адис.

Кыргызстанда коронавирустан дагы 589 бейтап айыкты

Кутманова жаңы протоколго коронавируска кабылган кош бойлуу аялдарды дарылоо, башка бейтаптарды реабилитациялоо, реанимацияда дарылоо иштерине толуктоолор киргизилип жатканын кошумчалады.

"Документти тез арада бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Андай кийин министрдин буйругу менен бекийт", — деди инфекционист.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 38 569га жетип, анын ичинен 30 099у айыкты. Тилекке каршы, оору 1 147 адамдын өмүрүн алды.

0
Белгилер:
медик, оору, протокол, дарылоо, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир суткада 549 кыргызстандыктан COVID табылды