Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна эс алууга келген Россия жараны изделүүдө

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЛенин чокусу. Архив
Ленин чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жолу ал 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыккан.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда 45 жаштагы Россиянын жараны изделип жатканын ӨКМден билдиришти.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, ал Кыргызстанга эс алганы келген.

"27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Аны издөөгө ӨКМдин алты куткаруучусу жөнөп кетип, саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип, түнөп калышкан. 29-июль күнү эртең менен издөө иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, турду уюштурган "Горы Азии" туристтик фирмасынын кайрылуусу менен издөө иш-чараларына Ак-Сай Трэвел туристтик компаниясынын 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары да катышат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0