Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?

Жазылуу
Кармалган инспектор август айынын соңуна чейин УКМКнын убактылуу тергөө жайында болот.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкекте Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, инспектор Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинде иштегендердин финансылык мыйзам бузууларга барган фактысын жашырып койгон.

27-июлда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал август айынын соңуна чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0