БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жайыл районундагы компанияны 6,5 миллион сомго сызга отургузуп кетишти. Шектүү катары аталган ишкананын кызматкерлери кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Уурулук боюнча ишти милиция январдан бери иликтеп жаткан. Ошол маалда компаниянын өкүлү милицияга кайрылып, 18-декабрдан 27-декабрга чейин ишкананын кампасына белгисиз бирөөлөр кирип, ширетүүчү аппараттарды, болгарка жана башка шаймандарды алып кетишкенин айткан. Уурулук фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Июнь айынын ортосунда кайрадан уурулук фактысы катталган. Бул ирет да ширетүүчү аппарат, болгарка уурдалган.
Мунун кесепетинен компанияга 6,5 миллион сомдук зыян келген. Милициядан билдиришкендей, уурдалган шаймандар Бишкектеги соода борборлорунун биринде сатылган.
Иликтөөнүн натыйжасында шектүү делип ушул эле компаниянын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери кармалды.
Учурда алар Бишкектеги №1 убактылуу тергөө жайына киргизилди.