Сууга аккан кыргыз чек арачысынын сөөгү Өзбекстандан табылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүУ водопада Кивач
У водопада Кивач - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-июль күнү Чаткал районундагы Найза-Сай аймагындагы Ак-Булак суусуна контракттык негизде кызмат өтөгөн чек арачы тайгаланып түшүп, агып кеткен.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. №2030 аскер бөлүгүнүн тайгаланып сууга түшүп, агып кеткен жоокеринин сөөгү 29-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Булут чулгаган чоку. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ленин чокусунда жоголгон россиялык туристти издөөгө тик учак тартылды
Маалыматка ылайык, кырсык 19-июль күнү болгон. Жоокер контракттык негизде кызмат өтөп жаткан.

Издөө иштерине Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да көмөктөшкөн.

Суунун агымы чек арачынын сөөгүн 11 чакырымдай агызып кеткен. Аны Өзбекстандын куткаруучулары табышкан. Учурда тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0