Таласта автоунаа аласалып, үч киши каза болду. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы 30-июлда түнкү саат 23.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Тараз — Талас — Суусамыр автожолундагы Кара-Ой айылына жакын жерде автоунаа аласалып, үч киши каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Ага ылайык, жол кырсыгы 30-июлда түнкү саат 23.30дар чамасында болгон. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, аласалып кеткен.

"Жол кырсыктан 47 жаштагы аял менен 11 жана 9 жаштагы эки бала каза болгон. Окуя болгон жерге аймактык милиция барган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жолдун бөлүгүнө жакында эле шагыл төгүлгөн.

Автоунаада беш киши болгон. Айдоочусу менен дагы бир жүргүнчү олуттуу жаракат алган эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0