Ленин чокусунда жоголуп кеткен Россия жаранынын куржуну табылды

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүТоолор. Архив
Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыккан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусу тараптан изделип жаткан Россиянын жаранына тиешелүү куржун жана визитка табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ленин чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна эс алууга келген Россия жараны изделүүдө
Эске салсак, изделип жаткан турист 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон дайыны чыкпай калганы айтылган. Аны издөөгө алгач ӨКМдин алты куткаруучусу жана турду уюштурган "Горы Азии" туристтик фирмасынын кайрылуусу менен издөө иш-чараларына "Ак-Сай Трэвел" туристтик компаниясынын 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары да катышкан. 30-июлда издөө иштерине тик учак тартылган. 

"Кечээ, 30-июлда, саат 07.40та ӨКМдин кошумча төрт куткаруучусу жолго чыгып, түш ооп 1-лагерге жеткен. Мындан сырткары, "Ак-Сай-Тревел" туристтик компаниясынан 6 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 17.30дар чамасында 6300 метр бийиктиктен, изделип жаткан адамга таандык куржун жана визитка табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кечээ кечинде дагы 12 куткаруучу жиберилгени, ушул тапта жеринде ӨКМдин 22 куткаруучусу иштеп жатканы кошумчаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0