Тергөө абагында кармалып жаткан Аида Салянова. Архивдик сүрөт

ЖАМК: Салянова Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартты

707
(жаңыланган 10:16 01.08.2019)
Учурда Салянова №1 убактылуу тергөө абагында.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Тергөө абагында кармалып жаткан Аида Салянова Кыргызстандан операция жасатуудан баш тартып жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жүрөк оорусу күчөп жатканын жана туугандары ага тез аранын ичинде чет жактан операция жасатуу керектигин айтып жатышканын жазышкан.

ЖАМКнын тараткан маалыматына ылайык, учурда Салянованын абалы салыштырмалуу туруктуу. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат.

"ЖАМКнын дарыгерлери Салянваны такай карап жатышат. Алардын айтымында, Салянова стационардык дарыланууга муктаж эмес, кыймылдуу, акыл-эси тунук", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 5-июнда камакка алынган. 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин "Салянова ооруканада болушу керек" деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын маалымдашкан.

29-июнда ооруканадан №1 тергөө абагына кайрадан которулган.

Салянова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин тергөө абагында калтырылган.

707
Белгилер:
Азиз Батукаев, ден соолук, ЖАМК, Аида Салянова
Тема боюнча
Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Батукаевдин иши: сот Салянованы тергөө абагында калтырды
Абактагы Салянованын абалы кандай экени айтылды

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

42
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

42
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?
Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитинин архивдик сүрөтү

Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти

41
(жаңыланган 22:53 04.06.2020)
Каза болгон жарандын артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Аны үйүнүн жанынан өлтүрүп кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Йеменде белгисиз адамдар Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитини атып кетишкендигин RT агенттигинин Telegram-каналында кабарлады

"Ал Ruptly үчүн сюжет тартып жүргөн жана муну менен катар башка агенттиктер да иштечү. Набилдин артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды", — деп жазат RT.

Журналист Аден шаарындагы өз үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

41
Белгилер:
өлүм, журналист, Йемен
Тема боюнча
Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти
Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу