Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев
Заместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Италиялык компания Азимкан Жусубалиевдин оозун майлаш үчүн Алматыдан долларларды баштыгы менен жөнөтүп турган. Алар 40,7 миллион долларга бааланган каймактуу ишти алуу үчүн 520 миң доллар пара берүүгө белсенген. Бирок аткаминер 170 миң долларын алгандан кийин УКМКнын кылтагына түшкөн. Мунун баары далилденгени сотто айтылды.

Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Анын ортомчусу Болот Токтобаев 6 жылга кесилди. Ал эми пара берген компаниянын кызматкери Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду.

Өкүмдү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. Процесс учурунда Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча тендерде италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн акча опузалаганын жана аны кантип, кимдер аркылуу алганы белгилүү болду.

Окуянын чоо-жайы соттун өкүмүнүн негизинде берилди. 

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Пара алды" деген шек менен кармалган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди Биринчи Май райондук соту 14 жылга эркинен ажыратты
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен? - Sputnik Кыргызстан
"Пара алды" деген шек менен кармалган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди Биринчи Май райондук соту 14 жылга эркинен ажыратты

Аткаминерди абакка киргизген тендер

2017-жылы июлда "Кошулган жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан аймагы (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары)" долбоору боюнча 69,7 чакырым жол курууга тендер жарыяланган. Ага алты компания катышып, тендердик комиссиянын төрагасы Азимкан Жусубалиев болгон.

Натыйжада эң аз сумма сунуштаган (38 миллион 951 миң доллар) азербайжандык Azvirt Limited Liability Company ишканасы жеңип чыккан, бирок кийинчерээк ал ишкана келишимге кол коюудан баш тарткан. Буга байланыштуу 2018-жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы менен келишим түзүлгөн.

Сөз болуп жаткан объект — Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун Нарын облусундагы Жумгал районунда жайгашкан бөлүгү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен? - Sputnik Кыргызстан
Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу

Тойдогу таанышуу темир торго киргизип...

Глава Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
Параны Todini Costruzioni Generali Company (Todini) ишканасынын Алматыдагы филиалынын коммерциялык директору, Тажикстандын жараны Бехруз Гулрузов берген. Ал тендерден утуп чыгуунун амалын издеп Кыргызстандагы чиновниктер менен ымаласы жакшы казакстандык Т. Ж. аттуу таанышына кайрылат. Ал 2017-жылы күздө той өтүп жаткан Бишкектеги ресторанда досу Болот Токтобаев менен сүйлөшүп, жардам тууралуу убадалашат. Ошону менен бирге тендердик комиссиянын төрагасы, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тууганы экенин айткан. Андан кийин экөө ортомчулук кызматты аткарып турушкан. Сүйлөшүү үчүн Гулрузов менен Жусубалиевди Бишкектеги кафеден жолуктурушкан. Анда аткаминер Todini компаниясын түртмөлөөгө макул болуп, акысына 500 миң доллар сураган. Гулрузов бул долбоорду колго алууга аябай ынтызар болгондуктан пара берүүдөн баш тарткан эмес. Кийинки жолугушуулар мончодо жана Жусубалиевдин үйүнүн жанында болгон.

Ортомчулар кандай пайда көрмөк?

Компаниянын ортомчусу Т. Ж. күйүүчү май ташуу менен алектенет. Todini жол куруп калса техникалар үчүн күйүүчү майды ага ташытмак. Демек, анын да кызыкчылыгы күч болгону белгиленет.

Ал эми аткаминердин тууганы Болот Токтобаев кызматына акчалай сыйлык алып турган. Белгилей кетсек, бул иш боюнча арызды УКМКга ортомчулардын бири жазган. Токтобаев К. Ж. аттуу жакын таанышы экөө иш жүргүзгөн. Ал пара берчү адамдар менен маал-маалы менен сүйлөшүп, жолугушууларды белгилеп турган. 170 миң доллар берилгенден кийин К.Ж. УКМКга коррупциялык ишти кабарлап койгон. Ага чейин ал ортомчулук кызматы үчүн 1000 доллар алган. 

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КРПара менен кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен? - Sputnik Кыргызстан
Пара менен кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев

Алматыдан ташылган акчалар

2018-жылдын февралында тендерден аз сумма сунуштаган Азербайжандын Azvirt Limited Liability Company ишканасы утуп чыккан. Бирок компаниянын кызматкерине Жусубалиев алардын документинен кемчиликтерди таап, бут тосо турганын айткан. Анысы үчүн дагы 20 миң доллар сураган. Натыйжада уткан компания министрлик менен келишим түзүүдөн баш тартып, жол куруу шыбагасы Todini компаниясына буюрган.

Андан соң октябрь айында Жусубалиевдин ортомчусу Болот Токтобаев Алматыга барып 20 миң доллар алып келген. Калганы иш баштоо үчүн акча бөлүнгөндөн кийин берилерин айткан. 2018-жылдын 24-октябрында биринчи этап менен Todini компаниясына 5 миллион доллар которулган.

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин
Ал эми 20-ноябрда компаниянын ортомчусу Т.Ж. Бишкектеги мейманканадан Токтобаевге 100 миң доллар берген. Ал акчаны алысыраак туугандары аркылуу Абдрахманов — Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга убактылуу сактоого калтырган. Андан соң каражатты 3-декабрга чейин майдалап (50, 20, 16 миң доллар) алып кеткен.

5-декабрда компаниянын ортомчусу ошол эле мейманканадан Токтобаевге 50 миң доллар берип кеткен. Аны Жусубалиевдин үйүнө алып барып берген. Ал жактан чыгары менен эле Токтобаев кармалган. Андан соң Жусубалиев колго түшүрүлгөн. Гулрузов да акчаны бергенден кийин эле кармалган. 50 миң долларды берер алдында далил үчүн УКМКнын кызматкерлери акчанын көчүрмөсүн чыгарып алган.

Белгилей кетсек, компаниянын кызматкери Бехруз Гулрузов акыркы жолу андан техникалык көзөмөл жүргүзгөндөр 250 миң доллар опузалап жатканын айткан. Жусубалиев муну жайгарууну убадалап, калган 400 миң долларды эртерээк беришин сураган.

15 күндө 90 миң доллар кумга сиңип кеткен

Азимкан Жусубалиевди кармагандан кийин үйүн тинтишкенде матрацтардын арасынан 680 миң сом (10 миң долларга чукул) чыккан. Бул каражат башта алган 100 миң доллардын кыргыз сомуна алмаштыргандан кийинкиси экени айтылды. Калган каражатты 15 күндүн ичинде Токтобаев менен Жусубалиев жеке кызыкчылыгына коротууга үлгүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ башчысы кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты
Үйүнүн экинчи кабатындагы шкафтын ичинен ак баштыкка салынган 45 миң доллар табылган.

Ал эми Токтобаевдин жанынан 3700 доллар чыккан, анын 3500ү пара делген акча болгон.

Соттун чечими менен далил катары алынган каражаттар мамлекеттин эсебине которулмай болду. Айыпкерлердин күнөөсү далилденди. Ошондой эле Бехруз Гулрузов Кыргызстанда иш жасагысы келген үчүн пара берүүгө мажбур болуп, болбосо Жусубалиев уттурбай коймоктугу белгиленди.

Токтобеков ортомчудан акчаларды карызга алганын айтты. Бирок бул кылмыш ишинин алкагында чогулган материалга карап анын айткандары кылмыш жоопкерчилигинен качуу катары бааланды.

Башкы тергөө кызматынын токтому менен казакстандык ортомчуга жана Токтобаевдин жанында жүрүп арыз жазган К. Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши токтотулган.

© Sputnik / Эламан КарымшаковСотко Азимкан Жусубалиевдин баласы, жубайы жана туугандары катышты.
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен? - Sputnik Кыргызстан
Сотко Азимкан Жусубалиевдин баласы, жубайы жана туугандары катышты.

Жусубалиевдин жактоочусу нааразы

Мурунку аткаминердин адвокаты Жыргалбек Бабаев соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрыларын айтты.

"Айрым адамдарды көрсөтмө берүүгө чакырууну сураганбыз. Сот биз келтирген жүйөлөрдү эске алган жок. Ал эми Гулрузов өзүнүн жанын сактап калыш үчүн Жусубалиевге каршы көрсөтмө берип чыгып кетти. Сот мыйзамсыз өкүм чыгарды деп эсептейбиз", — деди Бабаев.

Ал эми Жусубалиев акыркы сөзүндө, кызмат учурунда 13 ири долбоор ишке ашырылып жатканын, ар кандай келишимдердин негизинде эл аралык компаниялар катышканын белгиледи.

"Биз долбоорлордо эч кандай кызыкчылыктарга жол берген эмеспиз. Бул иш менин үй-бүлөм үчүн чоң трагедия болду. Эмгек жолумда Коргоо министрлигинде, Транспорт жана жолдор министрлигинде, жогорку саясий кызматтарда 9 жылдан ашуун эмгектендим. Бул ишке менин тиешем жоктугун айтам. Урматтуу сот, адилеттүү чечим чыгарарыңызга ишенем", — деди Жусубалиев.

Сотко Азимкан Жусубалиевдин баласы, жубайы жана туугандары катышты. 

Министрдин орун басарынын ири суммадагы пара менен кармалышы элдин төбө чачын тик тургузган. Бул иште министр Жамшитбек Калиловдун да тиешеси бардыгы болжолдонгон. Ошол эле учурда моралдык укугу тууралуу кеп козголгон. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы министрдин артына түшүп отуруп буга жооп алган.

Андан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдон жеме угуп, министр иштен кетүүгө аргасыз болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0