Ош шаарында май куюучу жай күйүп жатат. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө 6 бригада чыгып кеткен.

Ош шаарында Red Petroleum май куюучу жайы күйүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аталган май куюучу жай Ак-Тилек кичирайонундагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылганы айтылат.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, алгач май ташыган унаадан өрт чыгып, андан соң станцияга өткөн. Жалын саат 22.23төр чамасында башталган", — дешти ӨКМден.

Өрт чыккан аймакты милиция кызматкерлери курчап турат. Күбөлөр өрттү видеого тартып алып Sputnik Кыргызстан агенттигине жөнөттү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0