Ош шаарында 31-июлда саат 22.10дор чамасында Red Petroleum май куюучу жайында бензовоз күйүп кеткен.

Тарпы чыккан бензовоз. Оштогу май куюучу жайдагы өрттүн кесепети сүрөттө

1334
(жаңыланган 13:42 01.08.2019)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн кырсык болгон жерге барып, өрттүн кесепетин сүрөткө тартып келди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош шаарында 31-июлда саат 22.10дор чамасында Red Petroleum май куюучу жайында бензовоз күйүп кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн кырсык болгон жерге барып, өрттүн кесепетин сүрөткө түшүрүп келди. Кадрдан май ташыган унаанын сөлөкөтү эле калып, арткы тарабы такыр эле күйүп түшүп калганын көрүүгө болот.

  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Ош шаарында 31-июлда саат 22.10дор чамасында Red Petroleum май куюучу жайында бензовоз күйүп кеткен.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн кырсык болгон жерге барып, өрттүн кесепетин сүрөткө түшүрүп келди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Кадрдан май ташыган унаанын сөлөкөтү эле калып, арткы тарабы такыр эле күйүп түшүп калганын көрүүгө болот.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Өрт чыккан станция Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашканы белгилүү болду.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Кырсыктын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, Учар айылы жарыксыз калганын жергиликтүү жашоочулар билдирди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Азыркы тапта Ош жогорку электр тармагы ишканасынын кызматкерлери аларды калыбына келтирип жатат.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Последствия пожара на автозаправочной станции Red Petroleum в айыльном округе Толойкон (село Учар Кара-Сууйского района) Ошской области
    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткенин билдирген.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 7
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарында 31-июлда саат 22.10дор чамасында Red Petroleum май куюучу жайында бензовоз күйүп кеткен.

Өрт чыккан станция Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашканы белгилүү болду. Кырсыктын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, Учар айылы жарыксыз калганын жергиликтүү жашоочулар билдирди. Азыркы тапта Ош жогорку электр тармагы ишканасынын кызматкерлери аларды калыбына келтирип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткенин билдирген. Жалын май сактаган цистерналарына жеткен эмес.

Бактыга жараша, жаракат алгандар болгон жок.

1334
Белгилер:
кесепет, өрт, жарылуу, май куюучу бекет, Ош
Тема боюнча
Ош: май куюучу 44 бекеттин 34үндө коопсуздук сакталган эмес
Ош шаарында май куюучу жай күйүп жатат. Жеринен тартылган видео
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

176
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

176
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео
Түрмөдө отурган кылмышкерлер. Архивдик сүрөт

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар

65
(жаңыланган 17:52 03.12.2020)
Аскат Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын билдирди. Анда төрт ыкчам бригада иштеп жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Түзөтүү колонияларындагы соттолуучулардын 100гө жакыны коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди. Ал "ЖАМК башчысы мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча абал жөнүндө" деген аталышта өткөн брифингге катышты. 

Председатель Государственной службы исполнения наказаний Аскат Эгембердиев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев

Анын айтымында, ЖАМК COVID-19 менен күрөшүүдө бардык чараларды көрүп жатат.

"Пандемиянын биринчи толкунун эске алганда 100дөн ашык соттолуучудан коронавирус табылды. Учурда төртөө дарыланып жатат, калгандары сакайып кетти. Тилекке каршы, төрт адам бул илдеттен көз жумду. Белгилей кетчү жагдай, оорудан улам көз жумгандардын саны былтыркы статистикадай эле. Анда пандемия жок болчу", — деди жетекчи.

Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын кошумчалады.

"Биз төрт ыкчам бригаданы уюштурдук. Медиктер күнү-түнү кырдаалга көз салып турушат. Жалпы 13 медициналык-санитардык бөлүк, төрт саламаттык сактоо пунктусу, эки оорукана бар", — деди ал.

Эгембердиев эгер соттолуучулардын жакындары келсе алардан сөзсүз түрдө ПЦР-анализдин жыйынтыгы талап кылынарын кошумчалады.

65
Белгилер:
коронавирус, абак, ЖАМК
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккан 230 адам кайсы кылмышы үчүн соттолгон
УКМК: Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү жайына которулду
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

87
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

87
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме