Депутат Зарылбек Рысалиев. Архивдик сүрөт

Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды

(жаңыланган 17:49 03.08.2019)
Рысалиев буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча ИИМге чакырылып, сурактан чыккандан кийин ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине сот органдарындагы булак билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага түшкөн. Алгач дарыгерлер аны инсультка кабылышы мүмкүн деп божомолдогон болчу.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бүгүнкү күнү бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка алынган.

Белгилер:
сот, Зарылбек Рысалиев, Азиз Батукаев
Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (56)
Тема боюнча
Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар
Жакшы сүйлөй албай жатат. Дарыгер Зарылбек Рысалиевдин абалы тууралуу айтты
Ооруканага түшкөн Рысалиев сүйлөөгө жарап калды, бирок абалы оор
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Шаркыратма. Архив

Казакстанда атасы кызы менен шаркыратмага түшүп кеткен. Жүрөк үшүн алган видео

(жаңыланган 13:01 18.04.2021)
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.

Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.

Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.

Белгилер:
видео, суу, кыз, ата, окуя, Казакстан
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
Душевая кабина

Бишкектеги турак жайлардын көпчүлүгүндө 4 күн бою ысык суу болбойт

(жаңыланган 14:53 19.04.2021)
Маалыматка караганда, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.

Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.