Ата-энеси моргдо жаткан кызын тааный албай... Июлдагы соттук чечимдер

© AFP / JEFF PACHOUDИнститут судебной медицины в Лионе
Институт судебной медицины в Лионе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайненесин бычактап өлтүргөн күйөө бала, Бишкектин чок ортосунда зордукталып көз жумган студент кыз, кызганычтын айынан киши колдуу болгон дос. Так ушундай төбө чачты тик тургузган кылмыштарды өлкө аймагындагы соттор карап чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айда чыккан соттук өкүмдөргө көз салып, айрым чуулуу чечимдерди сунуштайт.

Зордукталган студент кыз

Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Эки жигит жаңы таанышкан жаш кызды алгач аракка тойгузган. Андан соң курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө алып келип, экөөлөп зордуктап катуу сабаган. Анысы аз келгенсип, алардын бири жатып калган кызды отвертка менен бетке жана моюнга сайып жиберген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, маркумдун жыныстык органдары катуу жабыркаган. Бети-башы, буту-колу көгала болгон. Жаш кызды ата-энеси бир жумадан кийин өлүкканадан таап, тишинен гана тааныган.

Фемида өкүлдөрү мыкаачыларды мал-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кести.

Кайненесин тынчыткан күйөө бала

31 жаштагы киши арак ичип алып кайын журтуна келип, кайненеси менен урушуп, аны бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып жиберген. Жабыркаган аял райондук ооруканага жетпей эле көз жумган. Сот отурумунда айыпталуучу кылганын моюндап, кайненесин кантип бычактаганын билбей калганын айткан.

"Кечкурун кайненемдикине барсам "эмнеге келдиң, сени кызым менен жашатпайм" деп урушуп кирди. Мен негизи ал жакка жаман оюм жок эле баргам. Ашканадан бычакты алып кантип сайып жибергенимди билбей калдым. Көчөгө чыгып колумду карасам кан болуп калыптыр, ошондо окуя болгон жерге милицияны өзүм чакыргам. Ал биз менен чогуу жашап жүргөндө эле жаман сөздөр менен уруша берчү", — деген соттолуучу көрсөтмөсүндө.

Сот эч жерде иштебеген үч баланын атасын 12,5 жылга эркинен ажыратты

Аялын бычактаган мыкаачы

Көчөдө таштанды жыйнап жүрүп арак ичкен түгөйлөр урушуп, эркек аялын чаламандын чак түшүндө бычак менен моюнга сайып өлтүргөн. Териштирүү маалында айыпталуучу мас болгондуктан окуя кандай болгондугун билбей калганын айткан. Эми ал он жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт. Бычак жеген аялдын артында төрт баласы калды.

Кандуу уруш...

Каргаша болгон түнү Андрей үйгө мас келген. 35 жаштагы келинчеги короо-жайды жыйнап, тамак жасап койбогону үчүн аны сабай баштаган. Жубайлардын ызы-чуусу кошуналарына чейин угулган. Түндө тамак жасоого киришкен аялды үй ээси ашканада да жөн койбой, кол көтөргөнүн токтоткон эмес. Чыдамы кеткен келин аны бычак менен төшкө сайып жиберген. Чоң муштум күйөө ошол жерден эле көз жумган. Жаш келин 7,5 жылга кесилди.

Үйдөгү каргаша

Заместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен?
Таалайгүл менен Евгений көптөн бери бирге түтүн булатып келишкен. Күндөрдүн биринде алар Даниил аттуу таанышын үйүнө мейманга чакырган. Кадимкидей эле отуруш башталып, кожейке тамак жасай баштайт. Бир маалда Даниил досунун аялына көз артып, үй ээсинин сыртка чыгып кеткенинен пайдаланып келинге кол салган. Аял ага каршылык көргөзгөн, бирок эркек анын кийимин айрып күч колдонгон. Ошол учурда бөлмөгө жолдошу кире калып эркектер ортосунда мушташ чыгып, Евгений үбөлүк менен бир нече жолу шеригин башка чаап жиберген. Жабырлануучу диванга жаткан бойдон тынчыган, ал Тез жардам кызматы келгенге чейин эле бул дүйнө менен кош айтышкан. Үй ээси тогуз жылга кесилди.

Киши колдуу болгон дос

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мирбек аттуу шектүү өзүнүн Жаныбек деген досун бачабаз дегендиги үчүн өлтүрүп салган. Анткени ага чейин шектүү бир сынакка катышып машыктыруучу менен "өбүшкөн". Мирбек күндөрдүн биринде Данияр аттуу шериги менен жолугуп ал аркылуу эл жок жерге Жаныбекти чакыртат. Кек сактап жүргөн дос ал жактан Жаныбекти муунтуп, бычактап салган. Мыкаачы дос эми 12 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0