Дордойдогу өрт. Кырсык болгон жерде милиция иштеп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар на складе в районе "Дордоя"
Пожар на складе в районе Дордоя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дордой-1 конушундагы өрт чыккан жерде милиция кызматкерлери да иш алып барууда. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.

Последствия пожара на АЗС Red Petroleum в айыльном округе Толойкон - Sputnik Кыргызстан
Ош: май куюучу жайдагы өрт боюнча кылмыш иши козголду
Белгилей кетсек, кырсык тууралуу алгач социалдык тармактардан белгилүү болгон. ӨКМ өрт жөнүндөгү билдирүү саат 19.45те түшкөнүн, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөнүн айткан.

Маалыматка ылайык, өрт тиричилик техникасы сакталган кампадан чыгып, болжол менен 1,5 миң чарчы метр аянт жер күйгөн. Кырсык эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

“Өрттөнгөн аймакка Свердлов РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгып кеткен. Жалындын жайылышынын алдын алуу үчүн кошумча күч тартылган. Өрттөнгөн жер курчоого алынып, тийиштүү чаралар көрүлдү. Жабырлануучулар жок”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Ал арада ӨКМден кырсык болгон аймакта алты өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп, “Тазалык” ишканасынан беш суу ташуучу унаа тартылганын айтышты. Мындан сырткары, Тез жардам кызматынын бир бригадасы бар.

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0