Ат-Башыда түндө жер титиреди

Жазылуу
Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткени айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарын облусунда түндө жер титирегенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүү 5-август күнү саат 22.53тө катталган. Анын күчү очогунда 3 баллга жеткени айтылды.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Ак-Жар, Кызыл-Туу, Терек-Суу айылдарында 2,5 балл болуп сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0