Мушташ. Архив

Ак үйдөгү мушташка депутаттар арача түшүп... 90-жылдардагы кылмыштар

2489
(жаңыланган 13:09 06.08.2019)
Бишкектин чок ортосунда тонолгон банк, мыкаачылык менен зордукталган чүрпө жана байланышсыз калган мамлекеттик резиденция. Так ушундай кылмыштар 25 жыл мурун август айында болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 90-жылдардагы чуулуу окуяларды сунуштайт.

Көнгөн адат калабы?..

Өзүн президент Аскар Акаевдин күзөт кызматынын башчысынын орун басарымын деп тааныштырган киши буга чейин «Зордуктоо» беренеси боюнча эркинен ажыратылган. Ал боштондукка чыккандан кийин да жөн жүрбөй мамлекеттик ишканалардын биринин босогосун аттайт. Курулуш менен алектенген мекеменин директоруна кирип, өлкө башчынынын кызынын батирин оңдоо керек экендигин айтат. Жетекчиси анын өтүнүчүн дароо эле кабыл алып, ал жерге мыкты куруучуларын жөнөтөт. Шылуун аларды кымбат унаасы менен үйгө алып келип текшерип, анысы ал келгенсип, жумушчулардан акча чогултуп таптырбай кеткен. Кийин аны чекисттер колго түшүрүп, жасалган батир алдамчынын өзүнүкү экендигин аныктаган.

Түнү менен тонолгон банк

Борбор калаадагы "Ысык-Көл инвест банкы" бир нече саат ичинде тонолуп кеткен. Уурулар шаардын чок ортосунда жайгашкан кеңсеге түндө кирип, үч сейфти талкалап, 1 миллион сом жана 35 миң долларды алып кеткен. Банктан ири суммадагы акча уурдалгандыгын милиция кызматкерлери эртеси күнү эртең менен билген. Кылмыш болгон жерде сыранын бош бөтөлкөлөрү, чылымдын калдыктары жана курулушта колдонулган эмеректер табылган. Погончондор ал түнү аталган банкта күзөттө турган 22 жаштагы жигитти да таба албай убара болгон.

Зөөкүр кылмышкер

26 жаштагы жигит жаңы эле темир тор артынан эркиндикке чыгып беш жаштагы кызды уурдап кеткен. Ал кичинекей чүрпөнү эл жок жерге алып барып зордуктаган. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган чүрпөнү дарыгерлер аман алып калган. Сот зөөкүрдү өлүм жазасына тарткан.

Аткаминерлерди дүрбөлөңгө салган уурулар

Ал күнү Бишкекте аткаминерлер Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларын тосуп алууга катуу даярданып жаткан. Себеби эртеси борбор калаада премьер-министрлер кеңешинин отуруму болмок. Бирок ал күнү уурулар өкмөттүк байланышты камсыздаган 1200 метрлик жез зымдарды кыйып кеткен. Маанилүү саясий иш-чаранын алдында мамлекеттик резиденцияда отургандар өздөрүн коерго жер таппай калган. Анткени өзгөчө корголгон аймакта телефон байланышы такыр жок болгон.

Ак үйдөгү мушташ

Президенттин мамлекеттик катчысынын орун басары, Курманалиев аттуу мамлекеттик кызматкер өкмөттүн аппарат жетекчиси Керимкуловду тилдеп, 7-кабатта эки аткаминер мушташа кеткен. Алардын ортосундагы чырдын чыгышына мамлекеттик ишканалар себеп болгон делип, Курманалиев шак эле Керимкуловго кол көтөрүп жиберген. Алардын кызыл чеке болгонун Жогорку Кеңештин депутаты да көрүп, арачалаганга жетишип калган. Жабыркаган премьер-министрдин аппарат башчысы ооруканага жатып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып иш сотко чейин жеткен.

2489
Белгилер:
90-жылдар, газета, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Белинен өйдө жагы каналдан табылган келин... 90-жылдардагы кылмыштар
Студент кызды түндө зордуктап, андан соң өлтүрүп таштап кетишкен... Соттук чечим
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон адамдын өрттөө үчүн көтөрүп жатышат. Архив

Сөөгү өрттөлүп, о дүйнөгө узаган "маркум" кайтып келди. Индиядагы окуя

283
(жаңыланган 19:37 29.11.2020)
Эркек киши коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин каза болду деген кабар келген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Индияда эркек киши үй-бүлөсү сөөгүн ооруканадан алып кетип өрттөп салгандан бир жумадан кийин үйүнө келди. Бул тууралуу NDTV телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.

Ноябрдын башында 75 жаштагы кишини коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырышкан. Бир нече күндөн кийин ал каза болду деген кабар жакындарына угузулган. Сөөгү вирусту алдын алуу протоколуна ылайык сакталып, жакындарына анын бети гана көрсөтүлгөн.

Туугандарынын айтымында, сөөктү өрттөп, атайын ырым-жырымды өткөрүүгө даяр турушкан. Бирок аларга ооруканадан чалышып, сакайып чыккан жакынын алып кетүүнү өтүнүшкөн.

"Биздин оозубуз ачылып калды. Атабызды аман-соо үйгө алып келдик. Бирок кимдин сөөгүн өрттөгөнүбүздү билбейбиз", — деген кишинин уулу.

Кийин териштире келгенде, үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктурган дагы бир улгайган бейтапты кремациялаганы белгилүү болгон.

283
Белгилер:
өрттөө, сөөк, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Казакстанда эки ай мурда сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келди
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

211
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

211
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

371
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

371
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда