УКМК Солтон-Сарыдагы окуя боюнча чагымчыл видео тараткандарга чара көрөт

Жазылуу
5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан Кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Солтон-Сарыдагы окуя боюнча чагымчыл, улуттар аралык кастыкты козута турган видеолорду таратып жаткандарга чара көрөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, инвестор "Zhong Ji Mining company" компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү калктын улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер: Солтон-Сарыдагы окуя кытай компаниясынын жабылышына себеп болбошу керек
Мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратышы мүмкүндүгүн эскертет.

5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан Кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган. Жаракат алган айрым жарандар аймактык ооруканага жеткирилген. Абалды жеринен көзөмөлдөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 6-августта эртең менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0