Баткен прокурорунун өлүмү: шектүүнү үч кылмышка айыпталган судья соттоп жатат

© AFP / ROD LAMKEYСудебное заседание в Вашингтоне
Судебное заседание в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурордун өлүмүнө шектелип кармалган жалгыз айыпкердин ишин карап жаткан сотко беш жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Анын буга чейин адилетсиз өкүм чыгарганы да белгилүү болду.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун ишин мурда үч ирет адилетсиз өкүм чыгарып, кылмыш иши козголгон судья карап жатат. Бул туурасында соттолуучунун эжеси Дарика Калыкова билдирди.

Анын айтымында, ишти Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяров карап жатат. Айыпталуучунун жактоочусу судьяга беш жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жараянга төрагалык кылуудан баш тартууну суранышкан. Бирок прокурор да, сот да коюлган дооматты канааттандырган эмес. Судьянын ишенимден чыгышына мурда үч жолу ага карата кылмыш ишинин козголгону негизги себеп болгон.

"Судья Жолборс Кудаяровдун кылмыш иштерин тастыктоого жардам сурап баткендик депутаттарга кайрылганбыз. Алар Башкы прокуратурага сурам жиберип, үч ишке айыпталганын билип беришти. Катка башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дарданов жооп берген", — деди Калыкова.

Ошондой эле ал судья айыпталуучунун дооматтарын эске албай жатканын, ал эми 5-августта болгон отурумда айыпталуучу Калыковдун өзүн, жактоочусун, тарапташтарын жана журналисттерди сот залынан чыгарып салганын билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы чынында эле депутаттын сурамына Дарданов жооп бергенин ырастады.

Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимовдун датын карай турган Алмаз Калыбаев ким? Судьянын чуулуу өкүмдөрү
Прокуратура судья Кудаяр Жолборсов төмөндөгүдөй адилетсиз өкүмдөрдү чыгарганын аныктаган:

— Башкы прокуратура тарабынан Жолборс Кудаяровго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, ал 2014-жылдын 23-сентярында Ош шаарындагы үйдүн документтерин мыйзамсыз деп таап, сот адилеттигине жатпаган чечим кабыл алган. Бул боюнча УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук бөлүмү тарабынан тергөө жүргүзүлүп, 2018-жылдын 26-ноябрында иш өндүрүштөн токтотулган.

Бирок чечим Ош облустук прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп, 2019-жылдын 19-мартында УКМКнын токтому жокко чыгарылган. Учурда бул кылмыш ишти ИИМдин Түштүк аймагы боюнча тергөө кызматы иликтеп жатат.

— 2015-жылдын 9-июлунда судья Жолборс Кудаяровго Ош шаарынын тургунуна ижарага берилген жер тилкени менчик деп таап, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарганы үчүн кылмыш иши козголгон.

Бул ишти тергөө үчүн УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө бөлүмүнө 2018-жылдын 18-майында тапшырылган. Анын натыйжасында 24-октябрда иш өндүрүштөн токтотулган. Деген менен прокуратура тергөөнүн жыйынтыгына макул болгон эмес.

Чечим Ош облустук прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп, 2019-жылдын 18-мартында токтом жокко чыгарылган. Учурда бул ишти ИИМдин Түштүк аймагы боюнча тергөө кызматы териштирип жатат.

— 2018-жылдын 18-декабрында Ош шаардык соттун судьясы Жолборс Кудаяровго жана Ош облусунун соттору Абдрасул Шамшиев, Назымбек Матраимов жана Мамасалы Токтомушевдерге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон прокурордун сотунда чыр чыгып, шектүүнүн эжеси жаакка жеди. Видео
2016-жылдын 30-июнунда Тажикстандын жараны Ош шаарынын аймагында гашиш баңгизатын сатып жатканда кармалган. Тергөө аяктаган соң иш сотко өтүп, 2016-жылдын 30-декабрында судья Кудаяров тергөөдө коюлган беренелерди өзгөртүп, башка мамлекеттин жараны экенине карабай КРдин мунапыс мыйзамын колдонуп, камактагы мөөнөтүн кыскартып, айыпкердин абактан чыгып кетишине жол берген.

2017-жылдын 28-июнунда Жогорку сот тарабынан чечимдери бузулуп, кылмыш ишин башка курамда кароо үчүн Ош шаардык сотуна жиберилген. Бирок Тажикстандын жараны Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенине байланыштуу ал 13 жылга сыртынан соттолгон.

Бул соттук чечимге карата Ош облустук прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 19-январында Жогорку сотуна сунуш келтирилип, учурда каралууда. Ал эми кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Прокурордун сырдуу өлүмү

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: сот ишине кийлигишейин деген оюм жок, бирок мажбур болуп жатам
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов былтыр эки орун басары, эки бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору, анын арак заводунда иштеген досу жана Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков менен аңчылыкка чыгып киши колдуу болгон. Анын сөөгү 2018-жылы 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Кылмышка бирден-бир шектүү болуп Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Деген менен шектүүнүн да, маркумдун да туугандары тергөө иштерине нааразы болуп келген. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылышууда. Мамажакыповдун иниси агасынын өлүмүн аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлор эле уюштурушу мүмкүн деп шек санаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0