Кой-Ташка сегиз тез жардам бригадасы чыгып кетти

Саламаттык сактоо министрлиги: Кой-Ташка 8 тез жардам унаасы жөнөп кетти

262
(жаңыланган 22:01 07.08.2019)
Азырынча эки адам ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кой-Ташка сегиз тез жардам бригадасы чыгып кеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Тез жардам станциясына саат 20.20да чакыруу түшүп беш бригада чыгып кеткен, кошумча дагы Бишкектен үч тез жардам унаасы жөнөтүлдү.

  • Приехали 3 скорые помощи
    Кой-Ташка сегиз тез жардам бригадасы чыгып кетти
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Приехали 3 скорые помощи
    Мааалыматка ылайык, Чүй облусунун тез жардам станциясына саат 20.20да чакыруу түшүп беш бригада чыгып кеткен, кошумча дагы Бишкектен үч тез жардам унаасы жөнөтүлдү.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Кой-Ташка сегиз тез жардам бригадасы чыгып кетти

"Жаракат алгандарды кабыл алууга Чүй облустук ооруканасынын, Улуттук госпиталдын, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери даяр турат. Бардык тиешелүү дары-дармектер жана башка жабдуулар камсыздалган", — деп айтылат маалыматта.

Саат 21.20да Чүй облустук ооруканасына эки адам алып келингени айтылат. Алардын төшүнө желим ок тийген, абалдары орточо.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Бул жактан соңку маалыматтарды сүрөт, видеолорду көрө аласыздар.

262
Белгилер:
автоунаа, тез жардам, жаракат, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (177)
Тема боюнча
УКМК Атамбаевди кармоо операциясы боюнча үн катты
Ок атылып, Атамбаевди калкалап алып кетишкени видеого түшүп калган
Киев шаарында бомба жардырам деген киши

Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео

363
(жаңыланган 22:23 03.08.2020)
Кишини барымтага алуу жана жардырып жиберем деп коркутуу үчүн Кылмыш кодексинин "Террорчулук" беренеси боюнча иш козголгон.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Киевде атайын даярдыктагы аскерлер бомба жардырам деген кишини кармады деп билдирди Sputnik. Ближнее зарубежье Telegram каналы.

Аны кармап жаткан учур украиналык ЖМКлардын каналына түшүп калган.

Өзбекстандын жаранымын деген киши аскерлер банкка кирип барып, анын колун аркасына кайрып, кармагандан кийин журналисттерге интервью берген. Шектүүнү Украинанын коопсуздук кызматы кичи автобуска салып, алып кеткен.

RT кишини барымтага алуу жана жардырып жиберем деген коркутуу үчүн ага Кылмыш кодексинин "Террорчулук" беренеси боюнча иш козголгондугун жазды.

Эске салсак, Өзбекстандын жаранымын деген адам Киевдеги бизнес-борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Полиция террорчу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң Украинанын коопсуздук кызматы аны кармоо операциясын баштаган.

363
Белгилер:
полиция, бомба, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат

Өзбекстан жараны Киевде бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

171
(жаңыланган 22:41 03.08.2020)
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзбекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта Киевдеги бизнес-борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

171
Белгилер:
түз эфир, банк, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды
Дарбыз. Архив

Дарбыз сатып алууда эмнелерди эске алуу зарыл? Адистин кеңеши

0
(жаңыланган 08:49 04.08.2020)
Дарбыздын жерде жаткан тарабы ачык сары түстө болгону жакшы. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы бышканынан кабар берет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дарбызды чертип тандоодо андан катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыгышы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистердин айтымында, базар же дүкөндө толук бышкан даамдуу дарбыз алууда анын сөңгөгүнө анча маани бербөө керек. Анын ордуна өсүмдүктү чертип угуп же алдындагы ак тагына көңүл буруу зарыл.

"Дарбыздын сырткы көрүнүшү бүтүн, таза жана жаңы болушу керек. Черткенде катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыкса жакшы. Ал эми сөңгөгүнүн куурап калганы, өсүмдүктүн толук жетилгенинен кабар бербейт. Себеби дарбыз алыс жерден алып келингендиктен, базарга жеткенче анын сөңгөгү кургап калышы мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.

Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди

Ошондой эле дарбыздын жерге жаткан тарабы ачык сары түстө болушу абзел. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы боло тургандыгынан кабар берет.

Андан сырткары, диетологдор бир күндө 1,5 килограммдан ашык дарбыз жебөөнү сунуштайт. Эгер адам күн сайын андан көп жесе, дарбыздан чыккан суюктук организмдеги пайдалуу заттарды жууп кете тургандыгын белгилешет.

0
Белгилер:
кеңеш, дарбыз, адистер
Тема боюнча
Дайым жаш көрүнгүсү келгендер кайсы тамакты аз жеши керек. Адистин жообу
Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди
Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды