Атамбаевдин үйүнөн сабалган жоокерлерди алып чыгып жатышат

© Sputnik / Эркин АлымбековШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда атышуу уланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Ташка барган атайын даярдыктагы аскерлерди эл ур-токмокко алууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

"Айрым жоокерлерди кармап, катуу сабап жатышат. Бир аскерди эс-учун жоготкон абалда алып чыгып кетишти. Бизге жеткен маалымат боюнча үч аскер сабалган", — деп билдирди кабарчы.

19-летняя художница из Бишкека Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Атам качкан жок! Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кайрылуу жасады
Ал эми УКМК жоокерлер артка чегинбегинин айтып, учурда Атамбаевди кармоо иштери уланып жатканын кабарлады.

Азыркы тапта Атамбаевдин үйүнө барган спецназ менен эл кагышып, атышуу болууда. УКМК аскерлер желим ок колдонуп жатканын билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Бул жактан соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0