Саламаттык сактоо министрлиги: атайын даярдыктагы аскерге ок тийди

© Sputnik / Эркин СадыковШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, ок бронежилетти тешип кеткен.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовдун айтымында, күч түзүмүнүн бир аскерине ок тийди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Үйдөн аскер октору менен атып жатышат. Атайын даярдыктагы аскердин төшүнө ок тийген. Ок бронежилетти тешип кеткен", — деп айтылат маалыматта.

19-летняя художница из Бишкека Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Атам качкан жок! Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кайрылуу жасады
Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да үн катты

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0