Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында милиция кызматкерлери чогулууда

ИИМ имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. Сүрөт

567
(жаңыланган 00:08 08.08.2019)
Кой-Таш айылындагы коопсуздукту сактоо үчүн кошумча күч тартылууда.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Учурда имараттын алдында 70тей милиционер турат. Андан сырткары, автобус жана атайын даярдыктагы полктун аскерлерин да көрүүгө болот.

  • Обмундирование полка спецназначения в Бишкеке после штурма дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
    Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында милиция кызматкерлери чогулууда
    © Sputnik / Таалайбек Ороскулов
  • Обмундирование полка спецназначения в Бишкеке после штурма дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
    Учурда имараттын алдында 70тей милиционер турат.
    © Sputnik / Таалайбек Ороскулов
  • Обмундирование полка спецназначения в Бишкеке после штурма дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
    Андан сырткары, автобус жана атайын даярдыктагы полктун аскерлерин да көрүүгө болот.
    © Sputnik / Таалайбек Ороскулов
1 / 3
© Sputnik / Таалайбек Ороскулов
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында милиция кызматкерлери чогулууда

ИИМдин маалымат кызматы учурда милиция кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады.

Ушу тапта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы аскерлер кирип, УКМК мурунку президентти кармоо боюнча атайын операция баштаган.

ИИМден окуя болгон жерге ыкчам топ дароо чыгып кеткенин айтышты. Андан сырткары, коомдук тартипти сактоо үчүн Чүй облустук ИИББ менен Аламүдүн райондук милициясынын толук курамы тартылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы маалыматтар боюнча 15 киши түрдүү жаракат алып, медициналык жардам үчүн кайрылышкан. Ошондой эле жаракат алгандардын арасында атайын даярдыктагы бир аскер бар экени маалымдалган.

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

567
Белгилер:
милиция, Кой-Таш, ИИМ
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (161)
Тема боюнча
Атамбаевдин ок атылган үйүнүн ичиндеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды
УКМК: элге ок атылган жок
Министрлик Кой-Ташта бир адам каза болду деген маалымат боюнча үн катты