Сабыр Жумабеков көз жумган жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын айтты. Видео

© Sputnik / Светлана ФедотоваШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкан аскер 22 жашта экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков жоокерге тийген ок анын өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткенин айтты.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Өз кезегинде УКМК элге ок чыгарбаганын айтууда.

Жумабеков ошондой эле каза болгон аскер 22 жашта экенин белгиледи.

"Ок алдынан кирип артынан чыгып кеткен экен. Өпкө менен жүрөгүн аралап кетиптир. Кандай ок тийгенин билбейбиз. Бизге өтө оор абалда келген. Төштүн көңдөйүнө кан агып толуп калган экен, операция учурунда жүрөгү токтоп калды", — деди ал.

Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева охраняют его дом во время штурма его дома в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тарапташтары жоокерлерди туткундап алган видео
Жумабеков, андан сырткары, дагы бир жарандын өпкөсүнөн ок алып чыгышканын айтып, аны атайын органдарга тапшырарын белгиледи.

Ал учурда спецназдын эки жоокери оор абалда экенин, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын кошумчалады.

Медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын арасында милиция кызматкерлери да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0