Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча кандай кылмыш иштери козголорун айтты

© AP Photo / Vladimir VoroninШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео
Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок ал өтөсүнө чыкпай калган.

Маалыматта Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат. Бирок алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөтүлгөн. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштурулган.

"7-августтагы факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 264чү ("Массалык башаламандык) жана 266-беренелери ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынган. Кагылышуудан Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жаракат алган 47 киши кайрылган, алардын 22си УКМКнын жана эки киши ИИМдин кызматкерлери. Арасында 23 жай тургун бар. Андан сырткары, ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгон
Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Андан сырткары, Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталганы айтылат.

Атамбаевди кармоо боюнча операциянын экинчи күнү тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0