Экс-премьер-министр жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) мурдагы төрагасы Феликс Кулов. Архивдик сүрөт

Кулов: УКМК шалаакы, мажирөө операциясы боюнча түшүндүрмө бериши керек

586
(жаңыланган 13:22 08.08.2019)
7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Экс-премьер-министр жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) мурдагы төрагасы Феликс Кулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция тууралуу Sputnik Кыргызстанга пикирин айтты.

"Бул күч органдарынын шалаакы аракети болуп калды. Мындай ишти таңга маал кылыш керек болчу. Курмандыктар болбош үчүн объектиде эмне болуп жаткандыгы тууралуу толук маалымат керек эле. Ушундай оор кырдаалга кептелген балдарга боорум ооруп жатат", — деди Кулов.

Ошондой эле ал кармоо иштерине атайын кызмат келгенине таң калып жатканын кошумчалады.

"Атамбаев күбө катары каралып жатса, аны алып кетүүгө милиция келиши керек эле. Болгондо дагы куралсыз операция болсо туура болмок. Негизи эркине каршы кармап кетүү иштери мыйзам боюнча кечки убакта жүргүзүлбөшү керек. Эгер экс-президентти айыпталуучу катары кармагысы келсе, дароо эле басып кирбей, алгач айыбы угузулушу керек болчу", — деди УКМКнын мурдагы төрагасы.

Ал кошумчалагандай, Жээнбеков эмгек өргүүдө жүргөн кезде мындай атайын операция уюштурган күч органдары президенттин бетине көө жапты.

"Мындай учурда УКМК расмий түрдө түшүндүрмө бериши зарыл. Бүгүн президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Булардан тышкары, Жогорку Кеңеш каникулун токтотуп, кезексиз жыйынга чогулушу керек. Бишкек мэриясы дагы шаардык кеңештин депутаттарын чогултушу абзел. Мунун баары жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн иштөөсү керек", — деди Кулов.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50гө чукул киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алып, учурда ооруканада комада жатат.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

586
Белгилер:
Кой-Таш, Алмазбек Атамбаев, атайын операция, УКМК, Феликс Кулов
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (162)
Тема боюнча
Кой-Таш айылына келген милиция кызматкерлери тобу менен кетип жатышат. Видео
Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология
Кой-Ташта жаракат алгандардын саны 43кө жетти
Элди карай таш жаадырган милиционерлер. Кой-Таштагы кагылышуунун видеосу