Кой-Таштагы атышуудан жабыркагандарды өкмөт мүчөлөрү келип көрүп кетишти

© Sputnik / Светлана ФедотоваШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Натыйжада кагылышуу болуп, 47 киши ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кой-Таштагы атышуудан жабыркап ооруканага түшкөн бейтаптардан кабар алышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты. Сүрөт
Эскерте кетсек, УКМК 7-август күнү кечинде Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрүп, максатына жетпей калган. Кой-Таштагы үйдө атышуу башталып, 47 киши ооруканага жеткирилген. Алган жаракатынан спецназдын бир жоокери көз жумган. Баш мээси чайкалган, ок жеген, дене мүчөлөрү жаракат алган бейтаптар Чүй облустук ооруканасында, Улуттук госпиталда жана Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда.

Өкмөт мүчөлөрү жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кой-Таштагы абалга, бийликтин аракетине көз салып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0