УКМКнын башчысы Атамбаевдин тарапташтары канча курал-жаракты тартып алганын айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева охраняют его дом в селе Кой-Таш
Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева охраняют его дом в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жана түзүлгөн кырдаалды талкуулап жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Ташта мурдагы президентти кармоо операциясы учурунда Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп айрым курал-жаракты тартып алганын Жогорку Кеңештин чукул жыйынында билдирди.

"Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп желим ок аткан 26 куралды, АК74 үлгүсүндөгү 14 автоматты жана 15 тапанчаны ок-дарылары менен тартып алган", — деди ал.

Кезексиз жыйындын жүрүшүн түз эфирден көрүңүз.

Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0