Председатель ГКНБ Орозбек Опумбаев провел заседание Совета безопасности КР. 8 августа, 2019 ujlf

УКМКнын башчысы Опумбаев отставкага кетүүгө даяр

413
(жаңыланган 15:15 08.08.2019)
Учурда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын талкуулап жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүү үчүн арызын берген. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын талкуулап жатат.

Депутат Мирлан Жээнчоров эмнеге Атамбаевди кармоого ИИМдин эмес, "Альфа" кызматынын аскерлери барганына кызыкты.

Буга ал УКМК кызматкерлери күчтүү даярдыкта болгондуктан тергөөчү ушундай чечим кабыл алганын айтты.

"Бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго кызматымды тапшыруу ниетимди билдирдим. Чынында бул менин күнөөм болгонун мойнума алам", — деди Опумбаев.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

413
Белгилер:
жоокер, Аскер, УКМК, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (180)
Тема боюнча
Жээнчороев: президентти чакыралы, болбосо Жогорку Кеңешти таркаталы
Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу
УКМКнын башчысы Атамбаевдин тарапташтары канча курал-жаракты тартып алганын айтты
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

153
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

153
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео

164
(жаңыланган 23:24 08.08.2020)
Ливандын жакында эле ири жарылуу болгон борбор шаарында жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразы болгон эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясы башталып, чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына кирип барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

RT Телеграм-каналына акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Ашрафия районунда жайгашкан ТИМ имаратына "Бейрут — ашкерлешүүдөн арылган шаар”, “Революция борбору” деген жарнактарды көтөргөн тургундар басып киришти.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасы жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда. Кызыл Крест коому менен Жарандык коргонуу мекемелеринин автоунаалары жеринде иштеп жатат.

Кагылыш учурунда 109 адам жабыркап, 14ү ооруканага жеткирилди. Акыркы маалыматтарга караганда, Бейруттагы жарылуудан 154 киши каза болуп, 120 киши оор абалда ооруканада жатат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

164
Белгилер:
кагылышуу, шаар, полиция, эл, Митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Жамгыр. Архив

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

27
Келе жаткан аптада өлкөнүн көп бөлүгү жаан-чачындуу болуп, кээ бир жерде катуу жаагандыктан сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, жуманын баш жагында нөшөрлүү жаан-чачын көп болуп, сел жүрүү коркунучтары жаралат. Андан кийинки күндөрү дагы жаан токтобойт.

Бишкекте 9-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 13-август күнү күндүз жаан жаашы мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болот. 9-13-август күндөрү Чүй жана Талас облустарында мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ушул эле күндөрү Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ал эми Ысык-Көлдө дагы келерки жумада жаан жаайт.

Ошондой эле Нарын облусунда күндүн көзү ачылбай, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

27
Белгилер:
жаан-чачын, аба ырайы, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши