Депутат Мадеминов: Кой-Ташта туткунга алынган аскерлер бошотулду

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты аскер Атамбаевдин үйүнүн ичинде туткунда кармалып турган болчу.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Мурадил Мадеминов Кой-Ташта туткунга алынган спецназ аскерлери бошотулганын билдирди.

Кечээ, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармап келүү үчүн атайын даярдыктагы аскерлер Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Ошол учурда Атамбаевдин тарапташтары 6 аскерди барымтага алып коё бербей жатканы кабарланган.

"Биз азыр эле сүйлөштүк, аскерлер аман-эсен Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетишти", — деп УКМК башчысына кайрылды Мадеминов.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0