Кой-Ташка жөнөгөн элди айылдын кире беришинен милициянын тобу тосуп алды

© Sputnik / Мирбек СакеновМилицейский кордон у въезда в село Кой-Таш
Милицейский кордон у въезда в село Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчыбыздын билдиришинче, милициянын экинчи тобунда 400гө жакын кызматкер бар.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Көк-Жар айылындагы милициянын тосмосунан өтүп, Кой-Ташты көздөй бет алган элди айылдын кире беришинен милициянын экинчи тобу тосуп алды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Анын айтымында, милициянын экинчи тобунда 350-400гө жакын кызматкер бар. Алар элди улам-улам жалкытып кубалап, жогору жакка өткөрбөөгө аракет кылышууда. Өз кезегинде жай тургундар милицияга таш жана бензин куюлган айнек бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат. Укук коргоо органдары жооп катары катуу үн чыгарып жарылуучу гранаталарды таштоодо.

Ташка алып, жаалданган эл. Көк-Жарда жол бууган милициянын сүрүлүп чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ташка алып, жаалданган эл. Көк-Жарда жол бууган милициянын сүрүлүп чыккан видеосу
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 80ден ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0