Милицейский кордон в селе Кой-Таш. Архивное фото

Милиция Кой-Ташта чогулгандарды күч менен таркатууда

1189
(жаңыланган 20:40 08.08.2019)
Күбөнүн айтымында, учурда автобустар менен техникалар ордунан козголуп жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылында чогулгандарды милиция күч менен таркатып жатат. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда автобустар менен техникалар ордунан козголууда.

"Катуу үн чыгаруучу гранаталар жарылып жатат. Кой-Ташта чогулган эл менен милиция кагылышчудай болуп турат", — деди ал.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жана күбө Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяны видеого тартып алган.
© видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Эске салсак, бүгүн, 8-августта, укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармаган.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

1189
Белгилер:
эл, милиция, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
Кой-Ташка жөнөгөн элди айылдын кире беришинен милициянын тобу тосуп алды
Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеп, ооруканага жеткирилди
Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти