Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Ала-Тоо аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тосуп алды

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулууда. Сүрөт, видео

1374
(жаңыланган 22:49 08.08.2019)
Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тосуп алды. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

  • Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тосуп алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо
    Учурда борбордук аянтка эл чогулуп жатат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо
    Алар жол жээгинде турган темир тосмолор менен Чүй проспектисин тосушту.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, Чүй проспектисин тосуп алды

Анын айтымында, учурда борбордук аянтка эл чогулуп жатат. Алар жол жээгинде турган темир тосмолор менен Чүй проспектисин тосушту. Автоунаалардын кыймылында бир аз тоскоолдуктар бар. Чогулган эл журналисттерди сүрөт, видеого тартпоосун талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

1374
Белгилер:
Ала-Тоо аянты, эл, Алмазбек Атамбаев, Бишкек
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (161)
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаевди ИИМ имаратына алып келишти
Алмазбек Атамбаевдин ИИМдин имаратына алынып келген видеосу