Сторонники бывшего президента Алмазбека Атамбаева направляются из села Кой-Таш в Бишкек

Кой-Таштагы атышуудан эки күндө 98 киши жабыркады. Айрымдарынын абалы оор

810
(жаңыланган 23:47 08.08.2019)
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркап, эки күн аралыгында ооруканага кайрылгандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 21.30га карата берген маалыматында айтылат.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта башталып, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ок атылган. Операция эртеси да уланып, кечинде мурунку президент багынып берген.

Министрликтин билдиргени боюнча, эки күндө медициналык жардам үчүн жалпы жонунан 98 киши кайрылган. Анын бири, спецназдын 47 жаштагы жоокери каза болгон. Күч структураларынын 11 кишиси аскер госпиталына которулду. 13ү стационардык дарыланууда, 83 адам амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Ушул тапта Чүй облустук ооруканасында — 2, Улуттук госпиталда — 2, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 9 киши жатат. Бейтаптар негизинен баш мээси чайкалып, буту-колу сынып жабыркагандар.

810
Белгилер:
Жаңжал, "Ала-Тоо" аянты, Алмазбек Атамбаев, министрлик
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (165)
Тема боюнча
Генералдык сөзүм! Курсан Асановдун Жолдубаева менен сүйлөшкөн видеосу
Алмазбек Атамбаевдин ИИМдин имаратына алынып келген видеосу
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулууда. Сүрөт, видео