Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин кармалышынан кийин Бишкекте эмне болуп жатат. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Мурунку президент 8-август күнү кечке маал кармалган.

Алмазбек Атамбаевдин кармалышынан кийин Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына тарапташтары чогулуп, аларды милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган. Бирок Кой-Таш айылы жактан жоон топ Бишкекти көздөй бет алганы белгилүү болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаадагы абалды чагылдырган тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
01:50 09.08.2019

Ушу тапта абал тынчып калды.

01:26 09.08.2019

Ал арада "Ала-Тоо" аянтына биринчи болуп чогулган митингчилердин таркатылган видеосу да тарады

01:17 09.08.2019

Кабарчыбыз ЦУМдун жанынан катуу үн чыгаруучу гранатадан жабыркаган кишини тез жардам кызматы ал кетти.

01:13 09.08.2019

Белгилей кетсек, 8-август күнү түш ченде борбор калаадагы ири дүкөн, маркеттер ишин токтоткон. Азыр ГУМ менен ЦУМдун ижарачылары чыгып, имаратты кайтарууга алышканын биздин кабарчы билдирди.

00:59 09.08.2019
00:49 09.08.2019

Учурда шаардын ар кайсы жеринен кыйкырык-өкүрүктөр, катуу үн чыгаруучу гранаталардын жарылганы угулуп жатат.

00:45 09.08.2019

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү кечкемаал кармалган. Андан соң анын Кой-Таштагы тарапташтарын милиция кызматкерлери күч менен таркатууга аракет кылган.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Милиция Кой-Ташта чогулгандарды күч менен таркатууда
00:44 09.08.2019
00:42 09.08.2019
Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
00:41 09.08.2019

Ушу тапта "Ала-Тоо" аянты тынч. Чогулган митингчилерди милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган. Бирок Кой-Таш айылы жактан адамдардын жоон тобу келе жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0