Кой-Ташта жабыркагандар. Архивдик сүрөт

Кой-Таштагы окуядан баш-аягы канча киши жабыркаганы айтылды

686
Соңку маалыматтарда, жабыркагандардын саны 98 деп айтылып келген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жалпысынан 136 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, 7-9-август күндөрү дарыгерлер 136 кишиге жардам көрсөтсө, анын 109у ооруканага барып дарыланган, ал эми 27си Кой-Таштан жардам алган.

Учурда 14 адам ар кандай жаракат менен Бишкектин жана Чүйдүн медициналык жайларында дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. Жабыркагандардын арасында Чүй ОИИББдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экендиги айтылат

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер колго түшүрүлүп, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.

686
Белгилер:
оорукана, жабыркоочулар, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (162)
Тема боюнча
Кой-Таштагы жаалданган элдин ичинен уулун таппай... Жүрөк тилген видеорепортаж
Кой-Ташта жабыркаган аскерлерге акча чогултулуп жатабы? УКМКнын жообу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү талап-тонолдубу? Милиция маалымат таратты