Атамбаевдин жакын тууганы суракка чакырылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции города Бишкек
Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку президентти кармоо операциясы 7-августта башталып, эртеси аяктады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 7-август окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында көрсөтмө берүү үчүн Алмазбек Атамбаевдин жакын тууганы Нурбек Шаршенов менен КСДПнын штабында иштеген Кундуз Ажыбекова суракка чакырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кой-Ташта жабыркаган аскерлерге акча чогултулуп жатабы? УКМКнын жообу
Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, максатына жеткен эмес. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Атамбаев 8-август күнү кечинде сүйлөшүүлөрдөн кийин милиция кызматкерлерине багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды.

Ошондон кийин Атамбаевдин баласы, үзөңгүлөштөрү, партиялаштары суракка чакырылып, айрымдары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0