Фарид Ниязов эки айга камакка алынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фарид Ниязов 9-август күнү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 10-авг — Sputnik. Биринчи Май райондук соту КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алды. Бул туурасында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эске сала кетсек, Ниязов 9-августта Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жолдубаеванын айтымында, ал 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында болот.

Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жакын тууганы суракка чакырылды. Видео
Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, максатына жеткен эмес. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Атамбаев 8-август күнү кечинде сүйлөшүүлөрдөн кийин милиция кызматкерлерине багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды.

Ошондон кийин Атамбаевдин баласы, үзөңгүлөштөрү, партиялаштары суракка чакырылып, айрымдары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0