Кой-Таш окуясы: милиционер аялдарды тээп, жаткыра чапкан видео тарады

© Sputnik / Табылды КадырбековШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир эле милиционер ачуу кыйкырык менен сөгүнүп-сагынып келип төрт аялды бутка тээп, башка чапканда жерге жатып калышкан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Социалдык тармакта Кой-Таштагы окуя учурунда жолдун жээгинде турган аялдарды милиционерлер сабап жаткан видео тарады.

Аталган видеону Айгерим Болот аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жүктөп, окуя 8-августта Атамбаевди кармагандан кийин күч органдары Бишкекке кайтып келе жаткан учурда болгонун жазган.

Ташка алып, жаалданган эл. Көк-Жарда жол бууган милициянын сүрүлүп чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ташка алып, жаалданган эл. Көк-Жарда жол бууган милициянын сүрүлүп чыккан видеосу
Кадрдан караңгы киргенде чогулуп турган элди күч түзүмдөрү тарата баштаганы көрүнөт. Ошол убакта тургундар таш менен урушкан. Чогулгандарды ар тарапка кууп, уруп-сабай баштаганда аялдар артта калып калган. Аларды бутка тээп жыгып, бир милиционер аялды колтуктап жай басып баратканда ары жактан кыйкырып, сөгүнүп келген милиционер аялды башка чаап жаткыра койгон. Видеодон бир эле милиционер төрт аялга кол көтөрүп, бутка тээп жыгылтканы байкалат. Андан соң келип видеого тартпоону талап кылган.

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен эл кагышкан. Милиция кызматкерлери Көк-Жар айылында жолду бууп, Кой-Таш тарапка эч кимди өткөрбөй коюшкан. Ошондой эле чогулган адамдарды күч колдонуу менен таратышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0