Ысык-Көлдө чым көңдүү жер күйүп, өрттү 150 киши өчүрүүдө

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүТактико-специальные учения МЧС РФ по ликвидации лесо-торфяных пожаров в Московской области
Тактико-специальные учения МЧС РФ по ликвидации лесо-торфяных пожаров в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалардын жете албай жатканы абалды ого бетер курчутуп жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын тоосунда чым көңдүү жер күйүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 9-августта чыгып, жалын эки гектар жерге жайылып кеткен. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалардын жете албай жатышы кырдаалды ого бетер курчутууда.

Өрт 10-августта чектөөгө алынган. Ушу тапта жеринде жүргөн 161 киши жалындын андан ары күч алып кетпеши үчүн аракеттерди көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0