Героин. Архив

Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт

719
(жаңыланган 23:00 11.08.2019)
Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

  • В городе Кара-Куль Джалал-Абадской области  в грузовике было обнаружено 44,3 килограмма героина
    Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В городе Кара-Куль Джалал-Абадской области  в грузовике было обнаружено 44,3 килограмма героина
    Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В городе Кара-Куль Джалал-Абадской области  в грузовике было обнаружено 44,3 килограмма героина
    Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В городе Кара-Куль Джалал-Абадской области  в грузовике было обнаружено 44,3 килограмма героина
    Жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду

Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып барарын айткан.

"Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын ала салмагы 44 килограмм 300 грамм болгон зат табылып алынган. Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал 999 түрүндөгү героин экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

719
Белгилер:
героин, Баткен, Кадамжай, баңгизат
Тема боюнча
Баңгизатты суу алды менен ташып... АКШдагы атайын операциянын видеосу