Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти. Сүрөт

© Sputnik / Георгий КуролесинПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Токмокто эки тепловоз кагышып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТокмокто эки тепловоз кагышып кетти
Токмокто эки тепловоз кагышып, бири рельстен чыгып кетти. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Токмокто эки тепловоз кагышып кетти

Окуя 12-август күнү саат 22.30дар чамасында болгон.

“Тепловоз айнек заводдон чыгып келе жатып, токтоп турган поездди кагып кеткен. Жүрүп бараткан локомотив рельстен чыгып, оодарылган”, - дешти ИИМден.

Жеринде милиция кызматкерлери менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

“Кыргыз темир жолунун” жетекчисинин орун басары Руслан Кадыркулов кырсык болгонун ырастап, поездди койгон тепловоз айнек заводуна тийиштүү экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0